"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Сулайман-Тоодо ири реконструкция иштери жүргүзүлөт

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде масштабдуу реконструкция иштери башталууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул иштер Дүйнөлүк Банк каржылаган «Регионалдык экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Жалпысынан 12 миллион АКШ долларына чамалуу каражат каралып, бүгүнкү күндө долбоордун илимий концепциясы жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери соңку баскычка жетти. Реконструкция Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий объектилерин жаңылоону камтыйт.

Оңдоп-түзөө жана жаңылоо каралган негизги объектилер төмөнкүлөр:

  1. Бабурдун өжүрөсүнө алып баруучу тоо жолу жана кароо аянтын жаңылоо

  2. Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейи

  3. Этнографиялык-археологиялык музейди реконструкциялоо

  4. От дарбазасын жана визит борборун куруу, аймакты көрктөндүрүү

  5. Орто кылымга таандык мончону реконструкциялоо

  6. Түндүк тараптагы “Тоо дарбазасын” жаңылоо

  7. Асаф ибн Бурхия күмбөзүнүн тегерегин ирээтке келтирүү

  8. “Суу дарбазасын” куруу жана аймакты көрктөндүрүү

2020-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан долбоор ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тартып ишке ашырылып келе жатат.

Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан, реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин макулдугу менен кабыл алынууда.