"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кытайда сейрек кездешүүчү кан рагына каршы жаңы дары табылды

Jiangsu Hengrui Pharmaceuticals компаниясы тарабынан иштелип чыккан Zeprumetostat дарысы Кытайдын Мамлекеттик тамак-аш жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан расмий түрдө бекитилди. Бул тууралуу China Daily басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, дары рецидивдүү же рефрактериялык перифериялык Т-клеткалык лимфомадан (R/R PTCL) жабыркаган чоң кишилерди дарылоо үчүн колдонулат. Бул кан рагынын сейрек кездешүүчү жана өтө агрессивдүү формасы болуп саналат жана учурда аны дарылоонун чектелүү гана ыкмалары бар.

Zeprumetostat — Кытайда иштелип чыккан жана рак клеткаларынын өсүшүнө таасир этүүчү EZH2 ферментинин биринчи ингибитору болуп эсептелет. Jiangsu Hengrui компаниясынын маалыматына караганда, бул дары бейтаптарга жаңы терапиялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Азыркы учурда дары клиникалык сыноолордун уландысы катары рынокко чыгарылат. Бул кадам оор жана сейрек кездешүүчү илдеттер үчүн алдын ала оң жыйынтыктар көрсөтүлгөн учурда колдонулуучу атайын режимдин алкагында ишке ашырылууда. Ал дарынын узак мөөнөттүү коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча кошумча баалоолорду жүргүзүүнү талап кылат.