"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Чолпон-Атада өзгөчө кырдаалдар боюнча ЖККУнун жыйыны өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин төрагалыгы алдында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өз ишин баштады.

Жыйынга Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынан тышкары, ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков, Беларусь Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Вадим Синявский, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов, Россия Федерациясынын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков жана Тажикстан Республикасынын Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Ражабали Рахмонали катышууда.

Координациялык кеңештин күн тартибине төмөнкү маселелер кирди:

  • Өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу максатында ЖККУнун эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү;

  • ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2026-жылга биргелешкен иш-чаралардын планы;

  • «Скала–2026» атайын машыгуусуна даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу боюнча аракеттер;

  • ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тартиби жөнүндө жобону талкуулоо;

  • Гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча борборлорду жамааттык коопсуздуктун региондорунда жайгаштыруу маселеси.

Мындан тышкары, өткөн 15-жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча отчёт берилип, алардын натыйжалуулугу талдоого алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзүнүн маалыматында билдирип өттү.

Министр жыйында сүйлөп жатып, бүгүнкү жолугушуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бекем биримдикти жана аймактык коопсуздукту камсыздоого биргелешип аракеттенүүгө болгон даярдыктын ачык далили экенин белгиледи.