Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Армения Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян менен жолугушту.
Алгач тар курамда өткөн жолугушуудан кийин тараптар кеңири курамда сүйлөшүү жүргүзүшүп, кыргыз-армян алакаларын өнүктүрүү, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты. Парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө зарылдыгы да өзгөчө белгиленди.
Төрага Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, акыркы жылдары алакалар жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан Армения менен Азербайжандын ортосунда 8-августта жетишилген Тынчтык декларациясын кубаттай турганын кошумчалады.
Сүйлөшүү учурунда мыйзам чыгаруу, соода-экономика, айыл чарба, логистика, санарип технология жана туризм тармактарында кызматташууну күчөтүү сунушталды. Ошондой эле Төрага армян спортчуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна чакырды.
Өз кезегинде Ален Симонян Кыргызстан менен кызматташтык Армениянын тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири экенин айтып, парламенттер аралык диалогду кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Ал ошондой эле май айында Тургунбек уулунун Арменияга болгон сапары маалында кол коюлган парламенттер аралык меморандумду эске салды.
Симонян соода-экономикалык жана инфраструктуралык тармактарда өнөктөштүктү кеңейтүүгө Армения кызыкдар экенин билдирип:
“Бул иш сапар эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деген үмүттөмүн”, – деп жыйынтыктады.