"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кара металл сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, ошондой эле кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну караган токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечимге ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин Товарлардын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн номенклатурасында (ТЭИ ТН) 7204 коду менен белгиленген металл сыныктары жана калдыктары, ошондой эле шихт куймалары Кыргыз Республикасынан сыртка алты айлык мөөнөткө чыгарылбайт.

Токтом күчүнө расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин кирип, үч күндөн соң экспортко чектөө колдонулат.

Ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Экономика жана коммерция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жүктөлдү.

Экспортко убактылуу чектөө киргизүү ички рыноктогу сырьё запасын сактап калууга жана металлургия тармагын өнүктүрүүгө багытталган.