"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Бишкекте «Коомдук транспорт» аталышындагы эки айлык рейд башталды

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу жана жол кырсыктарын кыскартуу максатында «Коомдук транспорт» аттуу эки айлык рейдди баштады. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жүргүзгөн рейд учурунда коомдук транспорт жана такси айдоочуларынын атайын токтоочу жайлардагы эрежелерди сактоо абалы көзөмөлдөнүп, мыйзам бузган учурда чара көрүлүүдө.

ИИМ эскертет: автобустар жүргүнчүлөрдү түшүрүп-алууда атайын белгиленген жерлерди гана колдонууга, такси жана жеке унаа айдоочулары коомдук транспортко арналган токтоочу жайларды ээлебөөгө милдеттүү. Бардык айдоочулардан жол эрежелерин так сактап, жолдо маданияттуу жүрүүгө чакырат.

Бул талаптардын аткарылышы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздап, шаардагы жол кыймылынын тартибин жакшыртат.