Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолдорду оңдоп, асфальт төшөп берүү боюнча макулдашууну тапшырды.
Шаар башчынын айтымында, айрым компаниялар курулуш иштерин жүргүзүүдө оор жүк ташуучу унаалар менен материал ташып, анын кесепетинен жолдор зыянга учурап жатат.
Учурда «Аманат Сити» компаниясы Грибоедов көчөсүн өз каражатынын эсебинен толугу менен жасоодо. Ага утурлай «Эко Хаус» (Асранкулов көчөсү), «Сулайман Групп» (Лермонтов көчөсү), «Модерн Стиль» жана «Байкал» (Алымкулов көчөсү) компаниялары да курулуш иштеринде бузган жолдорун калыбына келтирүүгө тийиш экендиги эскертилди.