Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Нарын» жана «Казарман» аэропортторун ачты.
Мамлекет башчысы бул аба майдандарын оңдоп-түзөө үчүн “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы каражат бөлгөндүгүн айтып, компания акыркы жылдары авиация тармагында ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи. Жалпысынан оңдоо иштерине 8 млрд 175 млн сом жумшалып, анын ичинен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн зарыл болгон техникалар жана жабдууларга 3 млрд 356 млн бөлүндү.
Садыр Жапаров деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин шартта аба каттамы дүйнө өлкөлөрү менен алака-катышыбызды арттырууда зор роль ойной тургандыгын билдирди.
Мындан тышкары Президент «Талас» аэропортунун өткөн жылы ишке берилгенин, «Каракол» эл аралык аэропорту пайдаланууга киргенин эске салды.