"Эркин-Тоо"
Дүйнөлүк алкакта Эркин Тоо гезити

ШКУ ТРАНСРЕГИОНАЛДЫК БИРИКМЕГЕ АЙЛАНДЫ

Ушул жуманын башында Кытайдын Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтүп, эл аралык коомчулукта ири иш-чаралардын эң орчундуусу катары талкууланып жаткан чагы. Жалган айткан менен болобу, учурда геосаясий абал бир топ татаалдашып, ири державалардын арасында тизгин талашуу маселеси күн тартибине коюлууда. Атургай, бири экинчисине өз баалуулугун таңуулоодо согуш оту тутанып, адам өмүрлөрү күн сайын кыйылууда. Мындай шартта кылымдардан бери кызматташып, алака-катыш кылып келген өлкөлөр өз коопсуздугун камсыздаган уюмдарга баш бириктирүү зарылдыгы жаралат. Анын бири бүгүнкү күндө ШКУ экени ачык байкалууда.

Эч кимге жашыруун эмес, учурда дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп, мурдагы тартиптин бузулушу көптөгөн кризистерди жана чыр-чатактарды жаратууда. Дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп жатат дегендер да жок эмес. Бул жагдайдан алып караганда Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөр туруктуу жүрүштөрдү жасап жатат. Эч нерсеге буйдалбастан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык жактан бекемделүүдө.

Тарыхка үңүлсөк, ШКУну Кытай, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү – Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2001-жылдын 15-июнунда негиздеген. Алты мамлекеттин башын кошкон бул уюм өзүнүн уюшулушун кошуналык өз ара ишенимдерди бекемдөө, саясий, соода-экономикалык, коопсуздук, маданий багыттагы кызматташтыкты чыңдоо максаттары менен негиздеген. 24 жыл өткөндөн кийин ШКУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн саны да арбып, талкууланган темалардын күн тартиби да кыйла кеңейди. Мындайча айтканда, ШКУ – ири трансрегионалдык бирикмеге айланды. Кечээки Тяньцзин шаарындагы саммит муну тастыктады десек жаңылышпайпыз. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь баш болгон 20дан ашык мамлекеттин лидерлери катышты. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери да келди. Өнөктөш макамына ээ мамлекеттердин башчылары гана эмес, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш да болду.

Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйыны өтүп, ага КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт
Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан, Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.

Мамлекет Башчысы өз сөзүндө мындай форматтагы жолугушуу диалогдун маанилүүлүгүн жана өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык жана ишенимди өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну өзгөчө баса көрсөтөрүн белгиледи. ШКУнун эл аралык аброюна басым жасап, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу түрдө жактап жатканын айтты. Маселен, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндө келишим буга далил боло алат. Садыр Жапаров эки документ тең ШКУнун негизги максаттарына – тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана аймакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өлкөлөрдүн кошкон маанилүү салымы экенин баса белгиледи.

Баса, ШКУнун кийинки төрагалыгы Кыргызстанга өтүп, ал кийинки жылы «ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураандын астында белгиленмей болду. Уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары белгиленди. Алардын биринчиси – узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы коркунучтар менен чакырыктарга каршы күрөшүүгө багытталган жамааттык аракеттерди күчөтүүнү улантат. Алгачкы кезекте, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу жөнүндө сөз болуп жатат. Айта кетсек, кыргыз тараптын демилгеси менен Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө жалпы ишке олуттуу салым кошмокчу.

Экинчиси – экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу зарыл. Бул маселеде Кыргызстан уюмдун натыйжалуу каржы механизмин түзүү маселесин тездетүүнү, анын ичинде аймактык экономикалык интеграцияга көмөктөшүү менен ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Ошого катар эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү да сунуш кылды. Бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да камсыздайт.

Белгилей кетсек, Кытай төрагалык кылып турган мезгилде санариптик трансформацияга, туруктуу өнүгүүгө жана ШКУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө өзгөчө маани берди. Кытайдын салымынын аркасында уюм таасирдүү, динамикалуу жана глобалдуу болуп калды. Негизи, Кытай ШКУнун негизги архитекторлорунун бири. Уюм негизделген күндөн тартып өз ара пайдалуу интеграция идеяларын көтөрүп, «Бир алкак –бир жол» сыяктуу демилгелерди айкалыштырып, коопсуздук, инфраструктура, билим берүү долбоорлорун жигердүү ишке ашырууну ырааттуу түрдө алдыга жылдырып келе жатат. Биз дагы ошол ыргак менен уюмдун пайдубалын бекемдешибиз зарыл.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:

— ШКУ туруксуздук доорунда туруктуулуктун жана ишенимдин факторуна айланышы мүмкүн. Уюм конфронтацияга эмес, өз ара пайдалуу кызматташтыкка; үстөмдүккө жана диктаторлукка эмес, чыныгы теңдикке негизделген эл аралык өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү моделин сунуштай алат. ШКУ ар бир өлкө улуттук эгемендүүлүгүн, маданий өзгөчөлүгүн жана экономикалык көз карандысыздыгын сактаган адилеттүү, инклюзивдүү глобалдашуу моделин илгерилетет. Бул азыр батыштын салттуу глобалдык башкаруу моделдеринин кризисинин фонунда өзгөчө актуалдуу. Ошондой эле ШКУнун өнүгүү контекстиндеги стратегиялык долбоорлордун бири “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол коридору болуп саналат. Бул долбоор Евразиядагы негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири, ал аймактык логистиканын, сооданын жана экономикалык өз ара байланыштын түзүмүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Долбоор үч катышуучу өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй ШКУнун архитектурасы үчүн да маанилүү.

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов:

— ШКУда талкууланган бардык маселелерге дүйнө эли көңүлүн буруп, дыкат карап турат. Азыр Россия, Кытай, Индиянын дүйнө экономикасындагы орду бааланып, өзгөчө кызыгууну жаратууда. Негизи, дүйнөлүк башкаруу Батыштан Чыгышка ооп, өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Буга экономикадагы, саясаттагы, эл аралык мамиледеги кырдаал негиз берип жатат. Азыр аналитиктер дүйнөлүк тартиптин, коопсуздуктун архитектурасы урап баштаганын айтууда. Ушундай учурда ШКУ жана БРИКС алардын ордун басат.

Зулпукаар Сапанов