"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

«Нак-Строй» компаниясынын жетекчиси: «Курулуш тармагында жумушчулар жетишсиз»

Кыргызстанда курулуш тармагында квалификациялуу жумушчу күчү жетишсиз. Бул тууралуу «Нак-Строй» курулуш компаниясынын башкы директору Эдилбек Усупбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта мыкты адистердин көбү чет өлкөлөрдө миграцияда иштеп жүрүшөт. Усупбаев алардын мекенге кайтып, жеринде иш алып баруусу үчүн бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи.

«Курулушта бетон куюучулар, монолитчиктер, кыш калагандар, усталар жана ширетүүчүлөр тартыш. Бул адистерге суроо-талап өтө жогору», — деди Усупбаев.