Министрлер кабинети күн карама майы менен кумшекерге болгон баага убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Аны ишке ашыруу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырылды. Кыргызстанга өсүмдүк майынын 90 пайызы, кумшекердин 50 пайызы сырттан келет.
Өсүмдүк майы өткөн жылдын май айына карата 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады.