Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Касымбеков көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерин текшерди. Ал Раззаков көчөсүнөн Кара-Суу районуна чейинки аралыкка жашыл аймак жана эс алуу багын курууну тапшырды.
Ошондой эле мэр Осмонов көчөсүн кеңейтүү жана Айтиев менен Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эстекадалык көпүрө куруу долбоорун жеринен карады. Бул иштердин алкагында айлампада жайгашкан Барсбек каган эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси да талкууланып, тиешелүү кызматтарга долбоор даярдоону тапшырды.
Маалымат үчүн: Эстакада — бул транспортторду, жөө адамдарды өткөрүү үчүн жана жүктү жүктөө же түшүрүү сыяктуу жумуштарга арналып, жер же суу бетинен бийик көтөрүлүп курулган инженердик курулуш.