"Эркин-Тоо"
Академиктин алгы кеби Эркин Тоо гезити

ТЫШКЫ САЯСАТ – ИЧКИ САЯСАТТЫН УЛАНДЫСЫ

Айрымдар ойлогондой, тышкы саясат дипломаттардын эрмеги, мамлекеттик деңгээлде эл аралык мамиледеги протоколдук формалдуулуктар эмес. Демек, дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын тышкы саясатынын башкы максаты – эл аралык коомчулукта өлкөбүзгө болгон ишенимди бекемдөө менен ааламдашуунун мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу болуп саналат.

Учурда дүйнөлүк геосаясатта “тектоникалык жылууларды, империялык жөөлөшүүлөрдү, ири державалык дымагы бар мамлекеттердин ачык да, тымызын да “булчуңдарын” көрсөтүү процесси” болуп жатканын байкап жатабыз. Кыргызстандын саясий жетекчилиги ошондой геосаясий шартта Кыргызстан Борбордук Азиянын регионалдык стратегиялык ролун эске алуу менен мындан ары аймактык интеграциялашууга терең маани берип, социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн зарыл шарты катары карап, өзгөчө коңшу өлкөлөр менен достук мамилени чыңдап жатат. Кыргыз туугандардын жакшы сөзү бар “алыскы туугандан жакынкы коңшу” деген.

Эгемендиктен кийин эки өлкөнүн мамилелеринде кандай гана оң, терс көрүнүштөр болбосун казак эли менен канатташ, жамаатташ жашап, “сөөм- сөөм, карыш-карыш” дегендей бир туугандык сезим бар. Ооба, тарых барактарында эки элдин алакасында оор сыноолор болгон. Ага карабай эки элдин мамилесин чагылдырган “Казак-кыргыз бир тууган”, “Тоскейде малы, төсекте басы косулган” деген сыяктуу образдуу ойлор эки элде жетиштүү.

Бул жерде көңүл буруп кете турган маанилүү жагдайды белгилей кетким келет. Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин тарыхый ролуна токтоло кетпесе болбойт деп эсептейм.

Ал эки элдин ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын чыңдалышында өзгөчө басым жасаган. Андай аракеттердин жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү максатында эки өлкө ортосундагы жогорку мамлекеттик кеңеш, парламенттер аралык кеңеш, өкмөттөр аралык кеңеш жана тышкы иштер министрлеринин кеңеши сыяктуу органдар түзүлүп, активдүү иштешкен. Н.Назарбаев бир жолку Кыргызстанга болгон сапарында: “Сенин да бетиң жапжалпак, менин да бетим жапжалпак, айырмам кайсы кыргыздан” деп эки элдин бир туугандыгын баса белгилеген жайы бар.

1930-жылдардагы Казакстандагы туура эмес саясаттан улам келип чыккан тамак-аш каатчылыгы, ачкачылык учурунда боордош кыргыз агайындар жүздөгөн казак үй-бүлөлөрүн батырып, ичээрге аш, коноорго үй берип, ачкачылыктан сактап калган. Алардын урпактары азыр Чүй, Ысык-Көл облустарында жашап келишет.

Ч.Валиханов, И.Алтынсариндин, Т.Сатылганов, А.Кунанбаев, Тоголок Молдо кыргыз-казак достугун чагылдырып, эки элдин достугуна көпүрө болушкан. Жакынкы эле жылдарда бир тууган эки элдин уулдары дүйнөлүк атагы бар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун “Аскада калган аңчынын ыйы” аталган диалогдук чыгармасында кыргыз-казак достугу жөнүндө эмне деген гана философиялык мааниси бийик, терең ойлор айтылбаган. Чындап келсек, эки залкар Ч.Айтматов менен М.Шахановдун достугу – эки элдин достугунун, бир туугандыгынын символу.

А.Акаевдин башкаруусу учурунда эки өлкөнүн мамилеси “туугандык, кудалык” деңгээлге чейин өсүп жеткен. К.Бакиевдин учурунда эки өлкөнүн белгилүү олигархтарынын кызыкчылыктары дал келген. Ал эми А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун учурунда эки өлкөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр, чыңалуулар болгону белгилүү.

Президент Садыр Жапаров көсөмдүк кылып өз кызматына киришкен биринчи күнүнөн эле Казакстан менен мамилени түздөөгө, жакшыртууга болгон аракетин көрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин эки мамлекеттин ортосунда 180ден ашуун мамлекеттер, өкмөттөр жана ведомстволор аралык келишимдерге кол коюлган. КРнын Президенти С.Жапаров кызматка киришкенден кийинки эң биринчи мамлекеттик сапары 2021-жылдын 2-3-мартында Казакстанда болгон. Кийинки убактарда Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоого болгон күч-аракетин жумшап жатышат. Бул абдан жагымдуу көрүнүш. Эки элдин ынтымагы, достугу жана эң башкысы, бир туугандыгы кылымдарга уланышына тилектешмин.

Айтимов Аксерик Сарыевич,

Техника илимдеринин кандидаты,

Казакстан Республикасынынакадемиясынын академиги,

Казакстан инновациялык жана телекоммуникациялык

системалар университетинин ректору