"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Башкы прокурор Сингапурдагы эл аралык конференцияга катышууда

Башкы прокурор Максат Асаналиев Сингапурда өтүп жаткан Прокурорлордун эл аралык ассоциациясынын 30-жылдык конференциясына катышууда.

Конференцияда кылмыштуулуктун жаңы коркунучтары, анын ичинде жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштар, ошондой эле трансулуттук кылмыштарды иликтөөдө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланууда.

Иш-сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Сингапурдун Башкы прокурору Люсьен Вонг жана Сауд Араб Королдугунун Башкы прокурору Сауд Абдулла Аль-Муаджеб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эл аралык-укуктук кызматташтык маселелери жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн келечектери талкууланды.

Белгилей кетсек, эл аралык конференцияга 90 өлкөдөн 450дөн ашуун прокурор чакырылган.