"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«Сулайман-Тоо» музейинде эмне пайда болду?

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексинде алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды. Жаңы долбоор келүүчүлөргө мурда жеткиликсиз болгон коллекцияларды көрүүгө жана музейде сактоодо турган буюмдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Фонддо ар бир конок экспонаттарды жакындан көрүп, алардын тарыхы, сактоо ыкмалары, оңдоп-түзөө жана эсепке алуу жолдору менен тааныша алат. Анда 140 даана археологиялык буюм жайгаштырылган.

Ошондой эле интерактивдүү элементтер, экскурсиялар жана билим берүү программалары каралган. Бул музей кызматкерлеринин  — сактоочу, оңдоп-түзөөчү жана изилдөөчүлөрдүн ишин тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт.

Ачык сактоочу фонд «Сулайман-Тоо» музей комплекси тарабынан өз каражатынын эсебинен ишке ашырылды.