Кечээ, 10-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык ашуусунан райондун борборуна чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылды. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка ылайык, иштердин жалпы наркы 9 млн 725 миң 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, ал эми 4 млн 725 миң 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Ошондой эле Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери тургузулду. Аны менен катар конок тосуучу жай ачылды.
Ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана тургундар катышты.
Конок тосуучу жерде тамактануучу жай, намазкана, сүрөткө түшүүчү жай, терраса, эс алуучу аймактар курулду.