Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарындагы Свердлов районунун курамына кирген Лебединовка айылынын «Биримдик-Кут» конушуна жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Объект Сауд өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланып, министрликтин көзөмөлү алдында курулат. Үч кабаттуу окуу имараты эки блоктон туруп, 750 окуучуга ылайыкташтырылып, жалпы аянты 8,7 миң чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштерин 2026-жылы баштоо пландалууда.