"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Келерки жылга ажылык сапарга каттоо качан башталат?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылдагы ажылык сапарга барууну каалагандар үчүн документтерди кабыл алуу 23-сентябрда башталарын билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкерлер «Элдик Банктын» ажылык эсебине алдын ала 2000 АКШ доллары жана кайтарылгыс 1200 сом төгүшү зарыл. Төлөм квота толгонго чейин жүргүзүлөт.

Катталуу банктан алынган дүмүрчөктүн (квитанция) негизинде өлкө боюнча түзүлгөн бирдиктүү тизме менен жүргүзүлөт. Жарандар 23-сентябрдан 2-октябрга чейин (кошо эсептегенде) керектүү документтерди тапшырып, каттоодон өтүшү керек. Белгиленген мөөнөттөн кечиккендер тизмеге киргизилбейт.

Муфтият белгилегендей, каттоо бир гана электрондук (Eid) же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Толук маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий сайтында жайгашкан.