"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Өлкөдө жашылча үрөнүн өндүргөн борбор ачылды

Чүй облусунун Сокулук районундагы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын базасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча жаңы окуу-илимий борбор ишке берилди.

Борбор Кыргыз Республикасында жашылча үрөн өндүрүүчү инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүү максатындагы эл аралык долбоордун алкагында, Корея Республикасынын колдоосу менен ачылды.

Долбоордун алкагында жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, жергиликтүү рынокту туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана агрардык тармакта илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү каралган. Ошондой эле борбор дуалдык билим берүү деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөт.