"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Санарип жана IT багытында Эркин Тоо гезити

ИШКЕР АЙЫМДАРДЫН ФОРУМУ

10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Түрк маданиятынын эл аралык уюму тарабынан уюштурулган V эл аралык аялдар бизнес-форуму болуп өттү.

Форумга КРнын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти, экс-премьер-министр Темир Сариев, «ТҮРКСОЙ» уюмунун башкы катчысы Султан Раев баш болгон бир катар мамлекеттик органдардын, эл аралык коомчулуктун, бизнес чөйрөлөрүнүн, ошондой эле эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Форум аялдардын ишкердиктеги ордун чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана улуттук маданий мурастарды дүйнөгө таанытууну максат кылат.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз-кытай аялдар үчүн санариптик өнүктүрүү” борборунун расмий ачылышы болду. Бул борбор аялдардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана заманбап технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргызстан Аялдар Конгресси, Бүткүл Кытай аялдар федерациясы жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилиги менен биргеликте ачылууда. Борбор санариптик жана IT багытындагы окууларды уюштурууга, киберкоопсуздук боюнча билимин жогорулатууга жана маалыматтык технологиялар менен иштөөгө үйрөтүүгө жана аялдарды заманбап компьютердик техника менен камсыздоого, ошондой эле техникалык колдоо көрсөтүүгө жардам көрсөтөт. Мындан сырткары Бүткүл Кытай аялдар федерациясы тарабынан аялдарды колдоо максатында айымдарга 83 даана ноутбук берилди. Аны Аялдар Конгрессинин төрайымы З.Акбагышева өлкөнүн булуң-бурчундагы өкүлдөргө расмий түрдө тапшырды. Бул демилге аймактардагы аялдарга да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, аларды санариптик экономикага тартууга өбөлгө болот. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар диалогду кеңейтүүгө жана аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык прогрессиндеги анын ролун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА