"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Өлкөдө 35 миңден ашык адам рак илдетине чалдыккан

Бишкекте Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) 65 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Иш-чарада борбордун жетекчиси Нурбек Букуев өлкөдө рак илдети боюнча абалга токтолду.

Анын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 35 миңден ашык адам рак оорусу менен каттоодо турат, жыл сайын орто эсеп менен 5,5–6 миң жаңы учур аныкталууда.

Букуев бейтаптардын көбү дарыгерге кеч кайрылгандыктан, жардам көрсөтүү кыйын болорун жана алардын жарымына жакыны бир жыл ичинде каза болуп каларын белгиледи.

Анын айтымында, ооруну эрте аныктоо менен гана бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн: «Рак 1-2-стадиясында оңой дарыласа болот. Белгилери жок болсо да текшерилип турууга чакырам», — деди Нурбек Букуев.