"Эркин-Тоо"
Иштин ийгилиги Эркин Тоо гезити

ЭЛ АРАЛЫК РЕЗЕРВ 7 МЛРД ДОЛЛАРДАН АШТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын эл аралык резервдери жаңы рекорддук чекке жетип, 7 млрд 21 млн долларды түздү. Бул 2025-жылдын башынан бери 1 933,1 млн долларга же 38 пайызга өскөнүн билдирет. 2020-жылдын августунда 3 млрд 71 млн долларга жетип, кайра 2 млрд 523 млрд долларга чейин түшкөн. Баарыбыз билгенден 2020-жылдын аягында бийлик алмашып, кескин бурулуш жасалган. 2021-жылдан тарта өсүүнүн үстүндө жүрүп отурду. 2021-жылдын күзүндө 3 млрд 241 млн долларга көтөрүлсө, 2022-жылы эл аралык каржылык резерв 2 миллиард 798 миллион долларды түзгөн. 2023-жылы 3 миллиард 236 миллион долларга жеткен. 2024-жылы дүң эл аралык резервдери 5 миллиард доллардан ашып түшкөн. Быйыл 7 миллиарддан ашты. Атамбаев алты жыл башкарып, бийликтен кеткен 2018-жылы 2,1 миллиард доллар болчу.

Эл аралык резервдин ролу жана мааниси өтө чоң. Айта кетсек, резервдердин учурдагы көлөмү алдыдагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун болжол менен 5-7 айын жабат, бул эл аралык резервдердин жетиштүүлүгүнө коюлган сунушталган эл аралык критерийлерге шайкеш келет. 2025-жылы эл аралык резервдердин өсүшү ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу шарттардын натыйжасында камсыздалды. Негизинен эл аралык резервдер улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын каржылык туруктуулугун колдоого, ошондой эле өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат. Тагыраагы, эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив.

Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган саясатын улантып келе жатат. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып кармалат.

Коомдук транспорттор көбөйүүдө

Жакында эле Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышып, коомдук транспортту өнүктүрүү маселесин калаа тургундарынын күнүмдүк каттамын жакшыртуу жана алар үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүү аракетинде мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгилеген.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө транспорттук паркты жаңылоо менен катар экология маселесине көңүл бөлүп, калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү экенин да билдирген. Эч кимибизге жалган эмес, күн салкындары менен борборубуз Бишкекте кара түтүн көйгөйү башталат. Албетте, бул канча жылдан берки жыйылып калган кризистин бири. 30 жылдык убакытта борбор калаада мамлекеттик масштабдагы кабат үйлөр курулбай, тегерек-четиндеги айдоо жерлерге козу карындай болгон жер тамдардын жайнап кеткендигинен улам ыш көйгөйү жаралды. Муну эми кыска аралыкта чечүү оңойго турбайт. Бирок, аракеттер жасалып баштады. Кара түтүндү көбөйтүүгө салым кошуп жаткан дизелдик отун менен жүргөн маршруттук таксилердин баары жок кылынды.

Акыркы төрт жылда Президент Садыр Жапаровдун аракети астында Бишкек шаардык транспорту болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен метан менен жүрүүчү Кытайдан 120 “Zhong Tong 6105” үлгүсүндөгү автобус алынса, 2023-жылы Европалык өнүктүрүү банкынын алкагында жалпы 124 даана “Golden Dragon” үлгүсүндөгү, 2023-2024-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен “Zhong Tong 6105” үлгүсүндөгү 1000 автобус алынган. Андан кийин да токтогон жок. 2024-2025-жылдары республикалык бюджеттин эсебинен дизелдик күйүүчү май менен жүрө турган 85 ISUZU автобусу, 2025-жылы Азия өнүктүрүү банкынын алкагында электр энергиясы менен жүрө турган 120 электробус алынган. Ошондо төрт жыл ичинде жалпы 1449 ири габариттүү автобус сатылып алынып, линияларга киргизилди. Бул оңбогондой чоң каражат, ченемсиз мээнет. 30 жылдык тарыхта эч бир жетекчи мындай ишти жасай алган жок. Тескерисинче, бар нерсени талкалап жок кылышып, мүлктөрдү, имараттарды жеке колго сатып жиберишкен. Алардын бардыгы азыр бир чекеден кайтарылууда, ага жумурай-журт күбө болуп жатат.

Калааны коомдук транспорт менен камсыздоо иши мындан ары дагы токтобой тургандыгы аяк салууда. 2025-жылдагы инвестициялык макулдашуулар алкагында жыл аягына чейин дагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы алкагында 12 метрлик 100 автобус, KfW германиялык банкы алкагында 60 автобус келери айтылууда. Ошого катар борборубуздагы №1 жана №2 деполор масштабдуу реконструкциядан өтүп, №2 депо заманбап электробус тейлөөчү жана иштетүүчү борборго айланды. Мамлекет башчысы жаңы транспорттук комплекс Бишкектин коомдук транспорт каттамын камсыздоочу автобустар менен электробустардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгилегенине күбө болдук.

Эң аз пенсия 7100 сом болот

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйгөнү турат. Атап айтсак, Министрлер Кабинетинин №534 токтомуна ылайык, 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленди. Былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген эле. Ошого катар 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат. Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом кошулат. Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору пенсия алган 800дөн ашуун адам бар.

Жөлөк пул бериле баштайт

Келе жаткан жылдын 1-январынан баштап бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактардагы жашоочулардын балдарына ай сайын жөлөк пул бериле тургандыгын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Жөлөк пул өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймагындагыларга да берилмекчи. Тагыраагы, шарты катаал аймактарда жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Жөлөк пулдун өлчөмүн 3000 сом деп белгилөө сунушталууда. Министрлик бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук актынын долбоорун даярдап, Президенттик Администрациянын кароосуна жөнөттү.

Кылычбек Кудайбергенов