"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЫСЫРАПТЫ ТОКТОТУУГА ЭМНЕ ТОСКООЛ?…

Мындан 3 жыл мурда Мамлекет Башчысы Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыккан. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар, адистер аталган Жарлык жана 2024-жылдын 6-декабрында кабыл алынган №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча иштер башталган.

Бул боюнча Бишкек шаарында, аймактарда, райондук администрацияларда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жумушчу топтор түзүлүп, ушу тапта да калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында дүйнөдө азык-түлүктүн 3,1%ы ысырап болуп, ашыкча түйшүк жаратаарын белгилейт. Бул көйгөй кыргыз коомунда да актуалдуу десек болот. Анткени үй-бүлөлүк салтанаттарда, маркумду эскерүү, акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө дасторконду тамак-ашка толтуруп, бодо мал союуну зарыл деп карманган үй-бүлөлөр көп.

Куру намыс кайда алып барат?

Куру намыстын, ашыкча ысырыпкерчиликтин арты коомду социалдык жана экономикалык жактан экиге бөлүп, психологиялык кемсинүүгө түртүп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтылып келет. Аны менен катар элдин катмарында той-ашты эбактан келаткан каада- салтыбызды сактап өткөрүш керек, 90, 100 жашка чыккан жакыныбызды акыркы сапарга узатуу зыйнатында кантип мал союп, кан чыгарбай узатабыз деген тараптар да бар экени чын.

Ал эми Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен бирге калкка беш миңден ашуун түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөнүн билдирди. Аны менен катар улуттук агенттик “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп -адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндө Жарлыгынын негизинде элдин пикирин билип, коомдун жалпы маанайына байкоо салышкан. Бишкек жана Ош шаарында 2023-жылы сурамжылоо жүргүзүлүп, респондентке үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараларына тиешелүү суроолор узатылган. Сурамжылоого жалпысынан 2 шаардан 775 жаран катышкан. 25 жаштан 45 жашка чейинкилер “Атаандаштык, кур намыс, эл эмне дейт? Уят” деген түшүнүктөр бар экенин белгилешкен. Жаштар жана орто муун “ысырапкорчулуктан” эзилип, түйшөлгөнүн жана бул көйгөй менен күрөшүүгө кызыкдар экенин айтышкан. Сурамжылоодо “Бул кыргыз элинин каада-салты, жашоо образы жана бул нерсени жок кылуу мүмкүн эмес” деп жооп бергендер да болгон. 35 жашка чейинки айрым жарандар, “ Ресторан, кафе, тойканаларды көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк маарекелерге катуу чараларды көрүп, тыюу салыш керек” десе, кээ бирлери “Коомчулукка түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү зарыл” экендигин айтып, сунуштарын берген.

Бишкектин Свердлов райондук администрация- сынын аппаратынын жетекчиси Назгүл Жамгырчиева:

— «Тынчтык» жөнүндө Мыйзамдын алкагында райондук салык жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Бишкектеги төмөндөгү «Ситора», «Омар Хайям», «Ават», «Дияр» кафелеринде, «Арзу» ресторанында, «Алтын казына», «Манап» банкет залдарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштерибиз улантылат.

Тойлордун убактысына жаңы тартип кирет

Аны менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө ” №194 Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууга багытталган. Жакында бардык тойкана, көңүл ачуучу жайлар, коомдук тамактануучу жана башка жерлерде төмөнкү убакыт аралыгында үн басымдын белгиленген деңгээлден ашуусуна жол берилбейт. Бул жаатта иштер күчөтүлөт. Ошондой эле, той-мааракелерди аяктоо убактысы түнкү саат 00:00 эмес, 22:00дө  деп белгиленип, тартип  күчөтүлөт. Үн сигналдарына ченемдик талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган тараптарга укуктук баа берилип, айып пул салынат.  “Тынчтык” жөнүндө мыйзамдын алкагында өлкө ичинде иштер жүргүзүлүүдө.

Равшан ажы Эратов, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси:

— Диний башкармалык Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча тапшырмаларды аткарууну улантып келет. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы тарабынан ысырапкерчиликтин алдын алуу багытында Фатва  чыгарылган. Фатвада маркумду жайга коюу каадалары, көзү өткөн адамга эстелик коюу, өлүм чыккан үйдө мал союу, жыртыш айруу, ак, көк кийди деген жөрөлгөлөрдү болтурбоо камтылган. Фатваны аткаруу шарыяттык милдет болуп саналат. Кыргыз коомчулугунда мурдагыга караганда, ашкере ысырапкерчиликти чектөөдө жылыш бар экени байкалат. Биз тараптан калкка түшүндүрүү, маалымдоо иштери улантыла берет.

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин орун басары Максатай Каримбердиева:

— Лейлек районунда жер-жерлерде коомчулуктун жыйындары өткөрүлүп, ашыкча каада-салттарды, чыгымдарды кыскартуу боюнча чечимдер кабыл алынган. Ошону менен бирге кээ бир айылдык кеңештер тарабынан той-мааракелердин убагын кечки саат 22:00гө чейин чектөө боюнча да чечимдер чыккан. Бүгүнкү күндө тойкана, кафелердин саны көп болгон Раззаков шаарында шаардык кеңештин чечими чыгарылып, азыркы учурда көзөмөлдөнүп жатат. Ошондой эле калган 7 айыл аймак да көзөмөлгө алынган. Жер-жерлерде жумушчу топтор түзүлүүдө.

Тойдон кийин да тон керек

Ар бир нерсенин адеби болгон сыяктуу, той өткөрүүдө ысырапкорчулук кылбай, чоң суммада карыз алып кыйналбастан, мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүү абзел. Бул багытта көп жылдардан бери той алып барып жүргөн, атын атагысы келбеген алып баруучу акыркы жылдары той өткөрүү өзгөрүүгө багыт алганын айтат.

“Жакшылыкты ар бир адам бөлүшкүсү келет. Кээ бири тар чөйрөдө гана белгилөөнү каалайт. Бул нерсе ар бир үй-бүлөнүн түшүнүк, баалуулуктарына жараша болот го дейм. Кээ бири насыя алып, той берип карыз болуп калат, андан ары үй-бүлө мүчөлөрү миграцияга кетүүгө мажбур болушат. Өзүм күбө болгон жагдайлар бар, тойдон кийин, тойго кеткен чыгымды жаба албай калгандар да кездешет. Айрымдардын болсо той берүүгө кеткен чыгымдарды өздөрү каржылоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Кээ бирлер той деле бербейт, ага кетчү каражатты саякатка арнагысы келет. Бул нерседе ар бир үй-бүлөнүн тандоосу маанилүү, ашыкча ысырап кылуу туура эмес көрүнүш”,- дейт ал.

Мээрим Бактыбек кызы