Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында салынып жаткан «Баластан» соода жана оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Объект Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Борбордун эскиздик долбоорун Талас шаардык Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыккан. Учурда курулуш аймагында жер казуу иштери жүргүзүлүп жатат.