1-январдан тартып бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардагы, ошондой эле өзгөчө статусу бар чек ара айылдарында жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки үчүнчү жана андан кийинки балдарына ай сайын 3 000 сомдон жөлөк пул төлөнөт. Бул боюнча тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

