"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргыз жана Азербайжан театрлары кызматташат

Кыргызстан менен Азербайжандын театрлары маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган жаңы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Жолугушууга Азербайжан театрынын директору Ильхам Эльхан Оглы Аскеров жана адабий-драмалык бөлүмдүн жетекчиси Джавид Зейналов, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков катышты.

Тараптар эки элдин улуттук театрларынын тарыхый жолун, сахна өнөрүндөгү өзгөчөлүктөрүн жана чыгармачыл тажрыйбаларын талкуулашты. Мындан тышкары, алдыдагы мезгилде биргелешкен спектаклдерди, фестивалдарды жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.