"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Токмок шаарына 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Бүгүн, 3-октябрда, Токмок шаарында мэриянын түзүмдөрүнө жаңы техникалар менен кызматтык унаалар тапшырылды. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, бул жардам Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен берилгенин белгиледи.

Анын айтымында, президенттин буйругуна ылайык стабилдештирүү фондунан шаарды өнүктүрүүгө 2 миллиард 56 миллион сом бөлүнгөн. Каражаттын негизги бөлүгү ички жолдорду оңдоого (1,8 млрд сом), жугуштуу оорулар бөлүмүн курууга (134,6 млн сом) жана коомдук транспортту жаңылоого (108 млн сом) жумшалат.

Мындан сырткары, 2026-жылдан тарта Токмоктогу №1 жана №2 Пушкин атындагы мектептерге жаңы корпустар курула баштайт. Бул иштер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланмакчы.