"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эрмат Жумаевге класстык чен ыйгарылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумаев Эрмат Жумаевичке «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык ченин (Генерал майор наамына теңештирилген) тапшырды.

Аталган чен дагы башка бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыйгарылды.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик кызмат – бул коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы, элдин ишенимине татыктуу болууга умтулуу экенин баса белгиледи.

«Бул жогорку деңгээлдеги класстык чендер ар бир мамлекеттик кызматкер үчүн чоң жоопкерчилик менен коштолгон кесипкөйлүктүн, тажрыйбанын жана ак ниет эмгекке мамлекеттик баа берүүнүн таанылышы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасы – бул эл алдындагы зор жоопкерчилик. Ар бир чиновник – бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө, ал эми ар бир кабыл алынган чечим – өлкөнүн келечегине таасир этүүчү кадам», — деди Адылбек Касымалиев.