"Эркин-Тоо"
Аймак Коом Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош: Президенттин катышуусунда жаңы парк ачылды

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан парктын жалпы аянты 26 миң чарчы метрди түзөт. Анад балдардын оюн аянтчасы, мини-футбол талаасы, унаа токтотуучу жай жана башкалар жайгашкан.

Курулуш иштери 2025-жылдын июнь айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.

Президент Садыр Жапаров парктагы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.