ИИМ маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ак-Ордо жаңы конушунда адам өлтүрүү фактысы катталган. Ички иштер министрлиги шектүү жаранды издөө-иликтөө иштерин баштады.
Кылмышка шектүү адам көзөмөл камерасына түшүп калган. Окуя болгон жерден анын баш кийими табылган.
ИИМ жарандардан шектүүнү тааныса же анын жүргөн жери тууралуу маалыматты билсе, 0 772 144 239, 0 556 848 080 же 102 номурлары аркылуу кабарлоону суранды. Маалымат бергендердин купуялуулугу жана коопсуздугу толук камсыздалат, тергөө иштерине көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.