"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-октябрда, Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысын Азербайжандын Илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев жана башка расмий кызматтагы адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын жүрүшүндө өлкө башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын Саммитине катышат. Иш-чарада аймактык жана эл аралык маанидеги маселелер талкууланып, Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат.

Саммиттин соңунда ТМУга мүчө мамлекеттер саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Габала декларациясына жана башка документтерге кол коюшат.