"Эркин-Тоо"
Керектүү мыйзам Эркин Тоо гезити

ЗӨӨКҮРЛӨРГӨ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ КИРГИЗИЛЕБИ?

Сентябрдын аягында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү эл арасында чоң резонанс жаратты. Бул кайгылуу окуя коомчулукту терең түйшөлтүү менен катар өлүм жазасына тартуу ченемин киргизүү маселесин күн тартибине алып чыкты. Аялдарга жана балдарга карата кылмыш кылгандарга жана педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керектиги айтылып, учурда чоң көйгөйгө айланган бул маселе кызуу талкууланып жатат.

Жүрөк титиретип, жүлүн зыркыраткан окуянын эртеси эле Президент окуянын тергелишин жеке көзөмөлүнө алып, жаш балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү маселесин карап көрүүнү тапшырган. Муну Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов маалымдап, коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды Мамлекет Башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алганын, ошол эле учурда Президенттик Администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге тапшырма бергенин билдирди. Анда жаш балдарды, кыз‑келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү керектиги белгиленген.

Ачыгын айтканда, жаш балдарга, кыз-келиндерге күч колдонуп, айбан жасабаган ыплас иштерди жасап, зордуктап кеткен көрүнүштөр жылдан-жылга көбөйүүдө. Зөөкүрлөр жаш балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүп кеткен окуялар болууда. Акыркы жылдардагы статистикалык маалыматтар дагы муну тастыктап жатат. Мисалы, адам өлтүрүү боюнча 2021-жылы 39 факты катталган: 36 аял, 14 жашка чейинки 2 бала, 14төн 18 жашка чейинки 1 бала. 2022-жылы 43 факты катталган: 41 аял, 14 жашка чейинки 1 бала, 14төн 18 жашка чейинки 1 бала. 2023-жылы 25 факты катталган: 21 аял, 14 жашка чейинки 2 бала, 14төн 18 жашка чейинки 2 бала. 2024-жылы 43 факты катталган: 34 аял, 14 жашка чейинки 5 бала, 14төн 18 жашка чейинки 4 бала, 2025-жылдын 8 айында 28 факты катталып: 21 аял, 14 жашка чейинки 3 бала, 14төн 18 жашка чейинки 4 бала көз жумган.

Зордуктоо боюнча дагы абал кейиштүү жагдайды көрсөтүүдө. Айта кетсек, 2021-жылы 80 факты катталган: 14 жашка чейинки 21 бала, 14төн 18 жашка чейинки 47 бала, 12 аял. 2022-жылы 70 факты катталган: 14 жашка чейинки 34 бала, 14төн 18 жашка чейинки 29 бала. 2023-жылы 175 факты катталып, 14 жашка чейинки 44 бала, 14төн 18 жашка чейинки 116 бала, 15 аял. 2024-жылы 107 факты катталган: 14 жашка чейинки 53 бала, 14төн 18 жашка чейинки 35 бала, 19 аял. 2025-жылдын 8 айында 81 факты катталган: 14 жашка чейинки 20 бала, 14төн 18 жашка чейинки 42 бала, 19 аял зордукталган.

Статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай акыркы убактарда “педофилдик” кылгандар, жаш балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүргөндөр көбөйүп баратат. Албетте, мындай акылга сыйбай турган көрүнүш бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө өсүп жатат. Ар бир мамлекет өзүнө жараша аракеттерди көрүүдө. Биз дагы кайдыгер адамдай карап отурбашыбыз керек. Кабырганы кайыштырган окуялар катталган маалда чуру-чуу түшүп кыйкырып, анан убакыт өтөрү менен унутуп калганыбыз дурус болбойт. Зөөкүрлөргө чара көрүп, чырактай болгон кыздар-балдарыбыздын, аялдардын көз көрүнөө өмүрлөрүнүн кыйылышына жол бербешибиз керек. Президент дагы өзүнүн администрациясына тапшырма берген күндүн эртеси пикирин билдирип, жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылмыштар жазасыз калбашы керектигин айтты.

“Мындай муктаждык эмнелерден келип чыкканын жалпы коомчулук көрүп турат. Акыркы убактарда “педофилдик” кылгандар көбөйүп баратат. Зөөкүрлөр жаш балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүп жатканы өкүндүрөт. Мына ушундан улам, жазаны күчөтүү боюнча тапшырма бердим. Жазаны күчөтсөк, токтойт деген үмүтүбүз чоң. Себеби, түрмөнү тоготпой калышты. Түрмөдө азыр мурдагыга караганда жашоо жеңилирээк болуп калды. Түрмөлөргө режим кирди. Мурда сырттагы үй-бүлө же жакындарынан “тамак киргиз, кийим-кече киргиз, акча киргиз” деп, жардам алып жашашчу. Мындан сырткары, өздөрү түрмөдө олтурганы аз келгенсип, “воровской көтөрөбүз” деп акча чогултушуп ууруну да багышчу.

Азыр болсо, үч маал тамак менен кийим-кечелери бекер, түрмөлөрдүн ичинде иш менен камсыз болушту, эмгек акы алып жатышат. Тескерисинче, азыр ушул тапта үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп жаткандар бар. Ошондуктан өлүм жазасын киргизсек, токтойт деп турам. Токтобосо дагы бир кыйла азаят” деди Өлкө Башчысы.

Азыр демократиянын атасы делген Америкада дагы өлүм жазасы киргизилүүдө. Атап айтсак, жакында Дональд Трамптын жарлыгы менен АКШнын борбору Вашингтондун карамагында жайгашкан Колумбия округунда өлүм жазасы киргизилди.

Муну Трамп борбор калаадагы жана жалпы эле округдагы адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарды токтотуу чарасы катары түшүндүрүп, “АКШда мыйзамдын үстөмдүгү орнош керек” деди. Маселен, Американын бир катар штаттарында өлүм жазасы башынан эле бар жана колдонулуп келе жатат. Колумбияда 44 жыл мурун токтотулган эле, эми кайра киргизилди. Демек, биз дагы өспүрүмдөргө карата педофилия, зомбулук, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүнү ойлончу убак келди окшойт.

Ооба, бул теманын айланасында болгон талкууларды карасак, өлүм жазасын киргизүүдө эң чоң коркунуч катары сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимдин төмөндүгү айтылып жатат. Өлүм жазасы кылмышка тиешеси жок адамдарга карата колдонулуп кетпейби деген чочулоолор бар. Бул жагы тыкыр изилдениши кажет. Тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилденип, сот процесстери баштан-аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлө турган шарттар түзүлүшү керек. Андан сырткары, эки тараптын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы кароо зарыл.

Коомчулукта эгер мындай катаал жаза киргизилсе, ал кайсы кылмыштарга колдонулушу мүмкүн. Мисалы, ири өлчөмдө коррупция менен кармалгандарга карата да колдонулабы деген суроолор жаралууда. Кээ бири элдин байлыгын тоногон, мамлекеттин мүлкүн уурдаган жемкорлор да жазага тартылышы керек деген талаптарды да коюп жатат. Буга дагы Президент өзүнүн жообун узатып, коррупция маселесин бул жакка такыр аралаштырбаш керектигин айтты.

“Бул жерде адам өлтүрүү, өспүрүмдөрдү зордуктоо жөнүндө гана сөз болуп жатат. Эгер коррупцияны аралаштырсак, анда тиешеси жок адамдар да жазага тартылып кетиши мүмкүн. Себеби коррупцияга байлап, күнөөсү жок эле адамдарды жазага тартып жиберчүлөр четтен чыгат. Пендечилик деген бар да. Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин арасында бири-бирине душмандашкандар көп. Бири-бирине коррупция менен “жалаа” жабышы мүмкүн. Ал эми киши өлтүрүү, зордуктоо менен “жалаа” жабыш оңой иш эмес. Коррупция боюнча кечээ жакында кабыл алынган мыйзам эле катуу иштеп турса, коррупция жоголот. Коррупцияны мындай эле жок кылабыз, акыры. Жогорку жакта жоголду. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдө токтобой жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүп берген миллиарддаган акчалардын жарымын жеп, калган жарымы менен дагы жыргатып иш жасабай жатышат. Ылдый жак оңолбой жатат. Ал жакта дагы көчтү бара-бара түздөйбүз. Уурдагандардын баарын кайтартабыз. Кайда, канча акча бөлүндү, кайсы жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы желип кетти деген тапшырмам боюнча бардык жактарда комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгы декабрдын аягы же январь айында чыгып калыш керек. Жыйынтыгы менен чараларды көрөбүз. Биздин көйгөй азыр балдар менен аялдарды коргоодо болуп турат” деди Мамлекет Башчысы.

Учурдагы Конституциянын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынат. Ошол эле учурда ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес деп Конституцияда так жазылган. Башкача айтканда, мамлекет адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан коргоого укугу бар. Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек. Мындайча айтканда, өлүм жазасын киргизүү бийликтин өзүмбилемдиги менен ишке ашпайт. Сөзсүз эл менен кеңешилет. Мыйзамдын долбоору биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет.

Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек болот.

Укук коргоочу Турсунбек Акун:

— Айсулуунун өлүмү абдан боор оорута турган окуя болду. Зөөкүр буга чейин да кылмыш кылып, соттор бошотуп жиберген экен. Бирок, бир адамдын кылган кылмышы үчүн чоң чечимди кабыл алууга шашпашыбыз керек. 2007-жылы өлүм жазасын жокко чыгарганбыз. Эгерде педофилдерге өлүм жазасы киргизилсе, анда коррупционерлерге дагы өлүм жазасы киргизилсин. Мамлекетти тоногон, элдин мүлкүн уурдаган адамдарга да өлүм жазасы киргизилсин. Жемкорлук менен аты чыккан адамдардын баары өлүм жазасына тартылсын. Ошондо эл колдойт. Биз өлүм жазасын алып салууну 10 жыл талкуулаганбыз. Кайра киргизүү үчүн чоң талкуу болушу зарыл. Президенттик Администрация тегерек столдорду, конференцияларды уюштурушу керек.

7-апрель элдик революциясынын баатыры Кайып Шер:

— Зөөкүрлөр көбөйүп балдарыбызды зордуктап, чаламандын чак түшүндө өлтүрүп жатат. Биз кайдыгер адамдай карап отурбашыбыз керек. Президенттин демилгеси туура. Зөөкүрлөргө өлүм жазасы киргизилиши керек. Мисалы мына демократиянын туу чокусунда турган Америкада
Дональд Трамптын жарлыгы менен өлүм жазасы киргизилди. Анан бизде киргизилсе адам укугу деп кыйкырганыбыз туура болбой калат. Дональд Трамп өз калкынын коопсуздугун, америкалыктардын өмүрүн баарынан өйдө койду. Биз да педофилия, зомбулук, адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга өлүм жазасын киргизишибиз керек.

Зулпукаар Сапанов