"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жогорку Кеңеш

Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча республикалык штабды жетектейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Ага ылайык, Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө техникалык жана уюштуруучулук маселелерди чечүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жооптуу штабды жетектемекчи.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт.