Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган талапкерлердин саны 83кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жаңыланып жаткан маалыматта көрсөтүлдү.
Талапкерлердин арасында учурдагы депутаттар, мурдагы министрлер, жеке ишкерлер, пенсионерлер, адвокаттар, юристтер, дарыгерлер жана убактылуу иштебеген жарандар бар.
Мындан тышкары, шайлоого катышуу ниетин билдирген үч саясий партия өз талапкерлерин көрсөтөрүн расмий түрдө билдиришти.
Белгилүү болгондой, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир көп мандаттуу округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Натыйжада, парламентке жалпы 90 депутат шайланып келет.
БШК тараткан маалыматка ылайык, өлкө боюнча алдын ала шайлоочулардын тизмесине 4 287 222 жаран киргизилген. Шайлоо күнү жалпы 2 492 шайлоо участкасы иштейт.