ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча сел коркунучу жогору болгон 21 участокто изилдөө жана модернизациялоо иштерин баштады.
Иштер KG RESILAND долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Министр Бообек Ажикеевдин айтымында, долбоор табигый кырсыктардан коргонуу системасын жакшыртып, инженердик курулмалар менен табигый коргоо элементтерин айкалыштырган жаңы ыкманы киргизет.
Жасалган иштердин жыйынтыгында сел процесстеринин коркунучу төмөндөп, калктуу конуштардын коопсуздугу жана экосистемалардын туруктуулугу жогорулайт деп күтүлүүдө.
Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA) колдоосу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.