"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан ТМУдагы төрагалыкты Азербайжанга өткөрүп берди

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитине катышты. Президент өз сөзүндө уюмдагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, санариптик документтерди укуктук таанууну камсыз кыла турган электрондук кол тамгаларды өз ара таануу демилгесин көтөрдү.

Садыр Жапаров Кыргызстан ТМУга төрагалык кылган бир жыл ичинде экономика, соода жана инвестиция тармактарында биргелешкен иш-аракеттерди камтыган Жол картасы иштелип чыкканын эске салды. Саммиттин соңунда мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшуп, Кыргызстан төрагалыкты Азербайжанга өткөрүп берди. Садыр Жапаров ошондой эле Түркмөнстандын Физули шаарында курула турган мечиттин пайдубалын түптөө аземине онлайн түрдө катышты.

Мамлекет башчысы 7-октябрда Бишкекке кайтып келди.