Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды.
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына: «Жаңы эле Ак-Ордо конушундагы адам өлтүрүүгө шектелген адамдын кармалганын окудум.
Бул окуя чоң коомдук талкуу жараткандыктан, кылмышты ачуу канчалык маанилүү экенин айтуу үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековго жазууну туура көрдүм», – деп жазды.
Феликс Куловдун айтымында, Ички иштер министри Улан Ниязбеков шектүүнү кармоо ишин жеке өзү жетектеген. Шектүү “Коопсуз өлкө” системасында колдонулган атайын оперативдик-техникалык каражаттардын жардамы менен Ысык-Көл облусунан Бишкекке жеткенге чейин көзөмөлгө алынган. Кармалган учурда ал эки адамды өлтүргөнүн толук мойнуна алган. Министр Улан Ниязбеков окуя Президенттин жеке көзөмөлүндө болгондугун билдирген. Шектүүнүн 2006-жылы туулгандыгы, каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы жок экени маалымдалган.
Эске салсак, 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 конушунда эки бир туугандын бычакталгандыгы маалым болуп, эркек киши жана анын эжеси каза болгон. Окуя болгон үйдөн каза болгон кишинин аялы балдары менен качууга үлгүргөн.