«Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борбору» мекемеси толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, имараттын чатыры толук жаңыланып, сырты акталып, сырдалды. Учурда эшик-терезелери алмаштырылууда. Аны менен катар борбордун сырткы бөлүгүнө балдар үчүн ойноо аянтчасы, тосмолор жаңыдан курулат жана кире бериш дарбазасы жаңыланат.