Кыргыз Республикасынын Бажы кызматы 12 миллион сомдон ашык суммадагы бажылык мыйзам бузуу фактысын аныктады.
Маалыматка караганда, бажы кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Э.-П.» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан полиэтилен товардык позициясынын туура эмес классификациялаганы белгилүү болду.
Бажы кызматынын баалоосу боюнча, бул мыйзам бузуу 12 миллион 22 миң 17 сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөй калышына алып келген.