Жакында Президент Садыр Жапаров “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча убактылуу жобо бекитилди.
Делегаттар «Элдик Курулутай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланат. Негизинен Курултай эл менен бийликтин ортосундагы таяныч көпүрө десек болот. Анткени Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү бийлик өкүлдөрү угуп, маселелердин чечилүүсү эртелээри анык. Эл Курултайда бийликке сунуш да, сын да айтаары белгилүү.
Мисалы, былтыр 2024-жылы үчүнчү Элдик Курултай 20-декабрда өткөн. Ага 698 делегат катышкан. Бул жыйында Кыргызстандын аймактарындагы социалдык объектилерге байланышкан маселелелер, адилеттүү сот системасын түзүү, таза суу, сугат суу, мектеп, бала бакча, жер тилкелери боюнча көйгөйлөр айтылып, Президент бул маселелер мамлекеттин көңүл чордонунда экенин баса белгилеген. Андан кийин Курултайда айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик мекемелер чечүү, аткаруу иштерин башташкан. Маселен, 2022-жылы өлкөбүздө өткөн Курултайда Жалал-Абад электр тармактар ишканасына тиешелүү 22 маселе көтөрүлгөн болсо, анын 18и толугу менен аткарылган. Тагыраагы Курултайда Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын тургуну Айтбай Төлөнбаев жаңы конуштарды электр жарыгы менен камсыз кылуу маселесин көтөргөн. Көйгөйлөр чечилип, темир-бетон мамычалар орнотулуп, аба чубалгылар тартылган.
Ал эми айрым делегаттар Курултайда Бишкектеги жер участокторун мыйзамдаштыруу жана мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөргөн. Бул боюнча 6829 материал тиешелүү мамлекеттик мекемелерге корутунду иштеп чыгууга жөнөтүлгөн. Мына ушул өңдүү маселелер оң жагына чечилүүсү зарыл.
Тарыхчы Байболот Абытов: “Курултай – эл менен бийлик ортосуна көпүрө”
Элдик Курултай расмий бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Бул жөрөлгөнүн башталышы 2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөрүлгөн. Быйыл декабрь айында IV Элдик Курултайды өткөрүү белгиленди. Бул иш-чаранын коомдун өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди чечүүдө орду чоң. Чынында Элдик Курултайдын арты менен элдин бир нече маселелери чечилүүдө. Бул аянтчада элдин үнүн Мамлекет башчысы түз угат. Өлкөбүздө өнүгүүлөр арбын. Башкысы коррупция менен күрөш тынымсыз жана адилет жүрүп, тааныш-билишти жумушка коюу, пара берүү деген нерселер жок болду. Азыр элдин бийликке болгон ишеними жогорулады. Өлкөдө эмне деген иштер жасалып жатат. Бишкектин узак жылдардан бери жасалбай келген ички жолдору чекесинен оңдолуп, жаркырап колдонууга берилүүдө. Дээрлик бардык аймактарда жаңы социалдык объектилердин курулушу байма-бай жүрүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы