"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ак-Ордодо эки адамдын өлүмүнө шектүү өлтүрүлдү

Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран качып кеткен учурда жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү Чүй облусунун Кемин районунда кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүү учурунда шектүү качып кеткен.

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармоо учурунда «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдын 45 жана 46-беренелерине ылайык кызматтык курал колдонушкан. Натыйжада 2006-жылы туулган И.С. алган жаракатынан улам каза болду.

Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери кабарланды.