16–17-октябрда А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Тактеке» спектаклинин бет ачары өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Спектаклдин режиссёру — Айнура Качкынбек кызы, сүрөтчү-коюучу — Мариам Аблакова, хореограф — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери Сергей Стрельцов.
«Тактеке» жөн гана сахналык окуя эмес — бул философиялык тамсил. Анда байыркы «Кожожаш» эпосу менен азыркы доор айкалышып, күч менен алсыздык, кыйроо менен кайра тирилүү темалары чагылдырылат.