"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында өткөн сутка ичинде 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 24 күжүрмөн эсеп тартылды.

  • Бишкек шаарында — 3,

  • Чүй облусунда — 1,

  • Ош шаарында — 1,

  • Ош облусунда — 4,

  • Жалал-Абад облусунда — 7,

  • Ысык-Көл облусунда — 3,

  • Баткен облусунда — 2,

  • Нарын облусунда — 1,

  • Талас облусунда — 1 өрт кырсыгы катталды.

Куткаруу кызматтары боюнча 4 чакыруу болду.