"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Кипрде жапайы мышыктардын саны калкынын саны менен теңелүүдө

Кипр аралында жапайы мышыктардын саны тездик менен өсүп, ар бир тургунга бирден мышык туура келе турган абалга жетти. Бул тууралуу Associated Press агенттигине шилтеме берип, Известия басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда аралда жылына болгону 2 миңге жакын мышык стерилизациядан өтөт. Бул иш-чарага жыл сайын 100 миң евро каражат бөлүнөт. Бирок бул көрсөткүч жетишсиз экенин экология боюнча комиссар Антония Теодосиу билдирген.

Анын айтымында, жапайы мышыктардын көбөйүү ылдамдыгы өтө жогору болуп, абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн өкмөттөн көбүрөөк каражат бөлүп, мышыктарды милдеттүү түрдө стерилизациялоону сунуштады.

Экологдор учурдагы расмий маалыматтар чыныгы абалды толук чагылдырбайт деп кооптонушууда. Алардын баамында, аралдагы жапайы мышыктардын саны расмий эсептен кыйла жогору болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин Япониянын Микура аралында да жапайы мышыктардын саны өтө көбөйүп кетип, алар 3,5 миллион деңиз чымчыгынын ичинен 100 миң гана канаттууну тирүү калтырганы кабарланган.