"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар Коом

Улуу Алтайдын окумуштуулары Кыргызстанда алгачкы казууларды баштайт

«Улуу Алтай» илимий-билим берүү борборунун маалыматына ылайык, 17–25-октябрь күндөрү Чүй облусунун Кемин районунда кыргыз-орус археологиялык экспедициясы жүргүзүлөт.

Экспедицияны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Алтай мамлекеттик университетинин “Улуу Алтай” борборунун окумуштуулары биргелешип уюштурууда. Иш-чарага тарыхчылар, археологдор жана КУУнун студенттери катышат.

Изилдөө иштери атайын уруксат менен кургандык комплекстердин (байыркы элдердин көмүлгөн жайларынын жана ага байланышкан тарыхый издердин жыйындысы) биринде, түрк доорундагы көчмөн элдердин маданиятын жана жерге берүү салтын изилдөө максатында жүргүзүлөт.

Казуу иштеринде санариптик технологиялар жана 3D-документтештирүү ыкмалары колдонулат. Алынган маалыматтар келечекте илимий реконструкцияларды жүргүзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду түзүүгө негиз болот.