"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал киргизүүгө тыюу салынды

Кыргызстандагы бардык мал базарларга ветеринардык маалым каты жок мал-жандыктарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, документсиз мал сатууга аракет кылгандарга жеке жактар үчүн 5 500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 17 500 сом өлчөмүндө айып салынат.

Ветеринардык кызмат айдоочуларга жана фермерлерге коштомо документи жок мал ташууга жана базарга алып кирүүгө катуу тыюу салынганын эскертти.

Маалым кат алуу үчүн уй, эчки, кой сыяктуу кара малдын кулагына бирка, ал эми жылкылардын денесине чип басылышы керектиги кошумчаланды.