"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз спортчулары Азия оюндарына аттанышты

МинКабдын Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов III Өспүрүмдөр Азия оюндарына катыша турган улуттук курама команданы узатып, спортчуларга мамлекеттик тууну  тапшырды.

Байсалов өз сөзүндө өлкө атынан мелдешке катышуу ар бир спортчу үчүн чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, команданын мүчөлөрүнө ийгилик каалады.

“Өлкөбүздүн мамлекеттик туусун силерге тапшырып жатып, III Өспүрүмдөр Азия оюндарында силерге чоң ийгилик каалайм. Азыр биз спортчуларга “алтын” алып кел деп эмес, жеңиш менен келгиле деп калганбыз. Жеңиштер болсун, жеңиштер менен кайтасыңар деген чоң үмүттөбүз”, — деди ал.

Быйылкы оюн 22–31-октябрда Бахрейн Падышалыгынын Манама шаарында өтөт. Кыргызстандык 145 спортчу күрөш, бокс, сууда сүзүү, оор атлетика, дзюдо сыяктуу спорттун 18 түрү боюнча мелдешке катышат.