Бишкек шаарында 20–24-октябрь күндөрү «Art-Ordo – 2025» эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Быйылкы фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Каракалпакстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн театрлары катышат.
Иш-чара Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрында жана Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өтөт.
Программада «Эне», «Каракөз», «Улпан», «Илегилек», «Три сестры» сыяктуу чыгармалар коюлат.
Фестивалдын максаты маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, театр өнөрүн колдоо жана жаш актёрлор менен режиссёрлорго чыгармачылык платформа түзүү болуп саналат.