"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Президент үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду. Документке ылайык, укук бузуучуларга карата камак мөөнөтү 7 күндөн 14 күнгө чейин узартылат, ошондой эле электрондук байкоо, чектөө чаралары жана оңдоп-түзөө программалары киргизилет.

Мындан тышкары, «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси «куугунтуктоо» түшүнүгү менен толукталып, ИИМге зомбулук фактылары боюнча тобокелдиктерди баалоо милдети жүктөлдү.

Мыйзам Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.