Акыркы жума ичинде Бишкек шаарында абанын булганышы жол берилген чектен кыйла жогорулаганын Кыргызгидромет билдирди.
Айлана-чөйрөнүн булганышына байкоо жүргүзүү департаментинин маалыматына ылайык, 10-16-октябрь аралыгында борбор калаадагы абада негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы жол берилген эң жогорку чектен 2,33 эсеге ашкан.
Экологдор мындай абал калктын ден соолугуна түздөн-түз зыян алып келерин эскертишүүдө. Айрыкча балдар, кары-картаңдар жана дем алуу органдарынын ооруларына чалдыккан жарандар үчүн бул өтө кооптуу экени белгиленүүдө.
Ушул маселеге байланыштуу 15-октябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин төрагалыгы алдында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны өттү.
Жыйында Бишкек шаарынын мэри борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу багытында көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча конкреттүү чаралар сунушталды.